Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталууда
Ысык-Көлдө пансионат менен балдар лагери мамлекетке кайтарылды
13.06.2025 | 14:46
Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан мурдагы “Геолог” пансионаты жана “Орленок” балдар ден-соолукту чыңдоо лагери 12 гектар 81 сотых жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун прокуратурасы аталган обьекттер мыйзамсыз жеке жактарга менчиктештирилип кеткендигин аныктаган.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында базар баасы 638 млн сомду түзгөн жогоруда белгиленген социалдык объекттер жер тилкелери менен биргеликте мамлекетке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар