Медиктерге шарт түзүлөт — ооруканалардын аймагында кампустар курулат

Медиктерге шарт түзүлөт — ооруканалардын аймагында кампустар курулат

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда иштеген медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн жаңы долбоорду ишке ашырууну көздөөдө. Ага ылайык, өлкө боюнча айрым оорукана аймактарында чакан кампус түрүндөгү жатак жайлар курулат.

Министрликтин маалыматына караганда, бул объекттердин курулушу дарыгерлер менен медайымдардын жумуш ордуна жакын жашоосуна, аймактардагы кадр жетишсиздигин азайтууга, ошондой эле жаш адистерди аймактарга тартууга багытталат.

“Медицина кызматкерлери үчүн оорукананын жанына жайгашкан шарттуу турак жайлар — бул алардын убактысын үнөмдөйт, социалдык коргоосун камсыздайт жана ишке болгон мотивациясын жогорулатат. Бул — бир эле убакта медицина тармагындагы системалуу реформа”*, — деп билдиришти министрликтен.

Кампустар төмөнкүдөй шарттарды камтыйт:

— турак жай бөлмөлөрү,
— эс алуу жана тамактануу жайлары,

— керектүү социалдык жана коммуналдык шарттар.

Баштапкы этапта мындай кампустар аймактык көп профилдүү ооруканалардын жанынан курулат. Бул долбоор мамлекеттик каржылоонун, ошондой эле өнөктөш уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылмакчы.

Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагында кадрлар жетишсиздиги курч бойдон калууда. Айрыкча алыскы жана айылдык аймактарда дарыгерлердин саны кескин аз. Бул демилге адистерди туруктуу жашап, иштөө үчүн тартиптүү, коопсуз, ыңгайлуу шарт менен камсыз кылууга багытталган.

“Кампустардын курулушу боюнча долбоорлор жакынкы айларда башталып, биринчи этапта кайсы аймактар камтылары тууралуу министрлик жакында кеңири маалымат бермекчи”,-деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>