Бишкекте милиция мечиттердин жанындагы кайырчылыкка каршы күрөшүүдөОш шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилди
ТИМ: Катардан Кыргызстанга 166 жаран учуп келди
09.03.2026 | 09:55

8-мартта Катар мамлекетинен Кыргызстандын 166 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекенине кайткандардын арасында Доха шаарындагы круиздик лайнерден чыгарылган жарандар бар. Жарандарды эвакуациялоо Катар жана Сауд Арабия өкмөттөрүнүн көмөгү менен ишке ашкан. Министрлик аталган өлкөлөргө жараянды уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Учурда Тышкы иштер министрлиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр Жакынкы Чыгыштан башка жарандарды эвакуациялоо боюнча ишти улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом