Евробиримдиктин делегациясы Кыргызстанда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Евробиримдиктин делегациясы Кыргызстанда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

11-июндан 13-июнга чейин Европа Биримдигинин Кеңешинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия менен байланыштар боюнча жумушчу тобунун делегациясы Кыргызстанга  расмий иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында өлкөнүн негизги министрликтеринин, анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Энергетика министрлигинин, ошондой эле санариптик өнүктүрүү жана экология департаменттеринин өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде туруктуу өнүгүүнү, экологиялык күн тартибин жана климаттын өзгөрүүсүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана тоо-кен тармагындагы инвестициялык долбоорлорго бурулду. Мындан тышкары, санариптик технологиялар жана инновациялык иштеп чыгуулар жаатында кызматташуунун келечеги, ошондой эле мыйзам үстөмдүгү жана адам укуктарын коргоо маселелери каралды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>