Кыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөт
Министрлик дарбыз менен коонду импорттоодо көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди
16.06.2025 | 15:42
Айыл чарба министрлиги чек араларда дарбыз менен коондорду сырттан алып кирүүгө фитосанитардык контроль күчөтүлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чара коңшу мамлекеттерден бакча өсүмдүктөрүнүн ташылып киришинин активдүү мезгили, ошондой эле бул продукцияда агрохимикаттардын жол берилген ченемдеринин ашып кетүү тобокелдигинин жогорулашы менен шартталган.
Айыл чарба министрлиги фитосанитардык талаптарды сактабастан өсүмдүктөрдөн алынган продукцияны ташып келүү товардын кармалышына, кайтарылышына же жок кылынышына алып келиши мүмкүн экендигин эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом