Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда айыл чарба багытында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги «Кыргыз Агрохолдинг» ишканасында Түштүк Кореянын Korea Agri-food Quality, Kyung Nong Corp. жана Kyrgyz Industrial Workforce Training Center компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Анда тараптар агроөнөр жай тармагындагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле ар бир компания өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, акылдуу жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлерди окутуу жана тажрыйба алмашуу багыттарында кызматташтыкты көздөгөн Өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду.
«Меморандумга кол коюу — Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы агрардык кызматташтыкты бекемдеп, өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп калды»,- деп билдирди министрлик.