«Кепилдик фонд» менен Чехиянын ардактуу консулу экспортко багытталган ишканаларды колдоо маселелерин талкуулаштыДөөлөт Сыдыков 7 саат токтобой Манас айттыСадыр Жапаров Вашингтондогу C5+1 саммитине катышатПайдасыз каракчылык: Кыргызстанда төрт киши инкассаторго кол салып, эч нерсе таба алышкан жокБыйыл Элдик курултай 25-декабрда өтөтТаш-Көмүрдүн вице-мэри жана дагы бир жетекчи кармалды
Министрлик чет жактагы мигранттарды кунарсыз жерлерди иштетип, киреше табууга чакырды
01.07.2025 | 09:50
Айыл чарба министрлиги сыртта эмгек миграциясында жүргөн жана өлкө ичинде жашаган жарандарды кунарсыз жерлерди өздөштүрүүгө чакырды.
Маалыматка ылайык, учурда жалпы республика боюнча 614 миң гектар кунарсыз жайыт бар. Ал жерлерди өздөштүрүү үчүн министрлик жарандарга Кыргызстанды жашыл аймакка айлантуу менен жакшы киреше табууга мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирди.
“Кунарсыз жайыт жерлерин иштетүүнү каалагандарга министрлик тарабынан, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт. Алар: тамчылатып сугаруу системасын орнотуу, жеңилдетилген насыя алуу, туура, сапаттуу көчөттөрдү, үрөндөрдү тандоодо тажрыйбалуу адистерден кеңеш алуу ж.б. ушундай сыяктуу колдоолор каралган”,- деп маалымдады министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: кунарсыз жайыт