Балык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайтАдилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалдыКоргоо ордерине карабай, жубайына зомбулук көрсөткөн. Бишкекте 49 жаштагы жаран кармалдыЭксперт: ЖК Төрагасы кызматына аялдын дайындалышы өлкө үчүн «турукташтыруучу фактор» болушу мүмкүнАймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилди
Токмок шаарына жаңы жугуштуу оорулар бейтапканасы курулат
02.07.2025 | 11:40
Токмок шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эски имаратынын ордуна жаңы заманбап имарат курулат. Бул тууралуу Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмаз Аскаров билдирди.
Анын айтымында, учурдагы имарат техникалык жактан канааттандырарлык абалда эмес жана заманбап талаптарга жооп бербейт. Ушуга байланыштуу бейтаптарды дарылоо жана медициналык кызматкерлердин иштөөсү үчүн талаптагыдай шарттарды камсыз кылган жаңы жугуштуу оорулар бөлүмүн куруу чечими кабыл алынган.
Долбоо Катар кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосунун негизинде ишке ашырылат. Токмок шаарынын мэриясы бул максатта 1 миллион 300 миң сом бөлөт, ал эми негизги чыгымды түзгөн 5 миллион сомду Катар фонду берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар