УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматкерлерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, бош убактысы пайда болгонун жана эми алардын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз көз саларын билдирди. Бул тууралуу УКМК төрагасы Нарын облусуна болгон сапарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жыйында билдирген.
«Мен Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларды делимитациялоо маселеси менен алек болуп, жергиликтүү бийликке анча маани бере албай жүргөм. Бирок азыр бош убактым бар. Эми мен силер менен алек болом. Муну жергиликтүү бийлик башчылары, укук коргоо органдарынын, сот органдарынын жана коопсуздук органдарынын жетекчилери эсиңерден чыгарбагыла», — деди Ташиев.
Ал жергиликтүү жетекчилерди элдин көйгөйлөрүнө көңүл бурууга, аймактарды ирээтке келтирүүгө жана конкреттүү иштерди аткарууга чакырды.
«Чарбачыл болгула, сураныч. Айыл өкмөттөрдү, райондорду, жолдорду иретке келтиргиле, таштандыларды тазалагыла. Кабинетте “Ташиев кетти, кутулдук” деп отуруунун кереги жок. Келем, кетем, бирок эл баарын көрүп турат. Эми тынбай райондорго чыгам, иштегиле», — деп кошумчалады ал.