БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жанданттыМай айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралууЧүй облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат4-мартка карата аба ырайыКыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантат
“Манас” аэропортунун терминалы кеңейип, заманбап шарттар түзүлөт
08.07.2025 | 09:00
Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунда терминалдын аянтын 18 000 чарчы метрге кеңейтүү боюнча курулуш иштери башталды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК маалымдады.
Жаңы курулуп жаткан комплекс заманбап технологиялар менен жабдылып, жүргүнчүлөр жана авиакомпаниялар үчүн бир топ ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Жаңы терминалда каралган шарттар:
- кенен күтүү залдары,
- кеңейтилген каттоо зонасы,
- жакшыртылган коопсуздук системасы,
- эс алуу зоналары,
- ички жана эл аралык каттамдар үчүн заманбап инфраструктура.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул долбоор эл аралык стандарттарга жооп берген авиациялык мейкиндикти түзүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Манас аэропорту