Бишкектин жаңы башкы планы: ар райондун өз борбору болотЫсык-Көл облусунда 140 млн долларлык экотехнологиялык завод курулатМас айдоочунун жүргүнчүсү инспекторду сөккөн. Ал кармалдыКыргызстанда келерки жылы жол иштерине 484 жаңы техника алынатКеминде жылына 15 миң тоок этин өндүргөн ишкана ачылдыC5+1 форматы: Трамп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин чакырды
Эми Tunduk тиркемесинде кыймылсыз мүлккө техпаспорт алуу үчүн арыз берүүгө болот
08.07.2025 | 12:38
Эми Tunduk колдонмосунда кыймылсыз мүлккө техпаспорт алуу үчүн арыз берүүгө мүмкүн. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул үчүн Tunduk тиркемесиндеги “Менин кыймылсыз мүлкүм” бөлүмүндө тиешелүү объектти тандап, арыз берүү керек.
Арыз берүүдө 500 сом өлчөмүндө алдын ала төлөм жүргүзүү керек. Аткаруу мөөнөтү 6 жумуш күнүнө чейин болот. Арыз жактырылгандан кийин техпаспортту алуу жана кошумча төлөө үчүн филиалга баруу керек. Ал эми баш тартылган учурда алдын ала төлөмдү кайтарып алууга болот.
Кызматтын артыкчылыктары:
- Мамлекеттик органдарга баруу талап кылынбайт;
- Кызмат 24/7 жеткиликтүү;
- Процесс жөнөкөй жана ачык-айкын.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: кыймылсыз мүлк, техпаспорт