Чүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалдыКоомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилдиКамчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан кетиши боюнча билдирүү жасады11-февраль: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайтСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз президентке баш ийдирдиКыргызстандын Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгакта үйү күйүп кеткен үй-бүлөлөргө жаңы там салып беришти
14.07.2025 | 11:17

Көк-Жаңгак шаарында үйү толугу менен өрттөнүп кеткен эки көп балалуу үй-бүлө жаңы турак жайлуу болушту. Жаңы заманбап үйлөр өлкө президенти Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен курулду.
Белгилүү болгондой, жыгачтан салынган мурдагы там былтыр күзүндө толугу менен күйүп кетип, эки үй-бүлө үй-жайсыз калган. Буга байланыштуу жабырлануучулар мамлекет башчысына жана атайын кызматтын жетекчисине жардам сурап кайрылышкан.
Турак жай курууга 10 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, эки жаңы үй салынып бүтүп, ээлерине салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Рубрики: Жаңылыктар