Тажикстанда Нооруз фестивалынын алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн жаштар форуму башталдыКыргызстан малдын кооптуу инфекцияларынан коргонуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүдөЖурналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулдуОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазалануудаЭнергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздүОш шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланат
Жарым жылда туризм тармагынан 160 миллион сомдон ашык салык түшкөн
15.07.2025 | 17:42
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан өлкө казынасына 160,6 млн сом салык түштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда туризм секторунан түшкөн салыктык кирешелер алты эседен ашык көбөйүп, жалпысынан 1,1 млрд сом салык чогултулган.
2020–2024-жылдар аралыгында туризм тармагынан түшкөн салыктар:
- 2020-жылы — 49,3 млн сом;
- 2021-жылы — 123,6 млн сом;
- 2022-жылы — 200 млн сом;
- 2023-жылы — 277,1 млн сом;
- 2024-жылы — 336 млн сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика