Энергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздүОш шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланатКыргызстанда балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталуудаӨлтүрүп, сөөгүн көмүп салган. Кара-Балтада 38 жаштагы жаран кармалдыАКШда төрт адамдын өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандык 28,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүнКыргызстандын ИДПсы 8,8%га өстү
Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусунун милдетин Урмат Абдукаимов аткарат
16.07.2025 | 17:22
Кыргызстандын футбол федерациясы Улуттук курама команданын убактылуу башкы машыктыруучусу катары Урмат Абдукаимов дайындалганын билдирди.

Мындай чечим мурдагы машыктыруучу Максим Лисицын менен келишимдин 30-июнда аяктаганына байланыштуу кабыл алынды. Учурда КФС жаңы машыктыруучу издөөнүн үстүндө.
Абдукаимов АФКнын А, B жана C категориядагы машыктыруучулук лицензияларына ээ. Ал буга чейин Стефан Тарковичтин штабында иштеп, азыр “Талант” клубунун башкы машыктыруучусу.
Кыргызстандын курама командасы августта Өзбекстан менен Тажикстанда өтө турган CAFA Улуттар Кубогуна катышат.
Рубрики: Спорт
Теги: футбол