Венгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды
Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды
16.07.2025 | 20:01
Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүү болду. Нургазы Курманбеков борбор калаанын отун-энергетика комплекси маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалганын шаардык мэрия кабарлады. Ал бул кызматка мурда пара алуу фактысы боюнча кармалган Таалайбек Байгазиевдин ордуна келди.
Нургазы Курманбеков буга чейин Бишкек ЖЭБинин директору болуп иштеген. Аны вице-мэрлик кызматка дайындап жатып, мэр Айбек Жунушалиев жаңы орун басарды мыйзамды так сактоого чакырды.
“Иш мыйзам чегинде гана жүргүзүлүшү керек. Эгер мыйзам бузуу болсо, мурдагы жетишкендиктер жоопкерчиликтен куткарбайт”, — деди Жунушалиев.
Белгилей кетсек, бүгүн башка вице-мэр Жамалбек Ырсалиев да кармалып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мэрди кадр тандоодо дыкат болууга чакырган.
Рубрики: Коом