Кыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алдыБишкек шаарында жаңы сквер курулуудаИБР Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого $44,6 млн бөлөт
Киберспорт: 2026-жылы Казакстанда «Келечектин оюндары» турнири өтөт
16.07.2025 | 18:03
2026-жылы Казакстандын борбору Астанада 18-июлдан 1-августка чейин «Келечектин оюндары» аттуу эл аралык мультиспорттук турнир өтөт. Бул тууралуу казакстандык Inbusiness.kz сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда аталган киберспорттук иш-чараны өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө.
Казакстандын туризм жана спорт боюнча вице-министри Серик Жарасбаев «Келечектин оюндары» турнири өткөндөн кийин киберспортту өнүктүрүү академиясы түзүлөрүн билдирген.
Ал бул иш-чара Казакстанда киберспорттун өнүгүшүнө түрткү берерин билдирген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар
Теги: Казакстан, киберспорт