ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Камчыбек Ташиев: Мага шайлоонун кереги жок
17.07.2025 | 16:29
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айрымдардын “шайлоого даярданып жатат” деген дооматтарына жооп берип, мындай сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу ал Сокулук районунда эл менен жолугушууда билдирди.
“Мен бул жерде бирөөгө көрүнөйүн деп жүргөн жокмун. Президенттин тапшырмасы менен иштеп жатам. Айрымдар ‘шайлоого даярданып жатат’ деп айтып жатышат. Дагы бир жолу белгилеп коёюн — мага эч кандай шайлоонун кереги жок. Депутаттыкка да, президенттикке да талапкерлигимди койбойм”, — деди Ташиев.
Анын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жараткан, “бийликтеги фигуралар шайлоого даярданууда” деген божомолдорго жооп иретинде айтылды.
Рубрики: Саясат