Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Ысык-Көлдө өрүк жыйноо мезгили башталды
18.07.2025 | 10:59
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өрүктүн эрте бышкан сортторун терүү башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы бышкан өрүктөр көбүн эсе Орусия менен Казакстанга экспорттолууда. Бул үчүн алармандар жүк ташуучу унаалары менен келип, жергиликтүүлөрдүн түшүмүн ыңгайлуу баада сатып алышууда.
«Жергиликтүү тургундар жаңы бышкан өрүктүн баасы 30 сомдон 45 сомго чейин сатылып жаткандыгын билдиришет. Бул райондун тургундары үчүн ыңгайлуу баа дешет алар. Себеби, өткөн жылдары өрүктүн баасы кайсыл бир учурларда 20 сомго чейин дагы чыкпай калчу»,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом