Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулду
14.03.2026 | 14:17

Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө 300 даана акация дарагы отургузулду. Көчөт тигүү иш-чарасына шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышты.
Мэриянын маалыматында, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты быйылкы жылы шаар аймагына жалпы 1340 даана акация көчөтүн отургузууну пландаштырууда.
Аталган көчөнүн мурда жашыл аймагы жок болгондуктан, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлар менен кошо жашылдандыруу иштерин жүргүзүү каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом