Чуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулашты
Кыргызстандык имамдар Мединага араб тилин үйрөнүүгө жөнөтүлөт
18.07.2025 | 19:57
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы мусулмандардын ыйык шаары болгон Мединага 25 имамды тил үйрөнүү максатында жөнөтөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара «Таба» ишканасынын колдоосу менен ишке ашат.
«Имамдар кыска мөөнөттүү окуу курсунда араб тил боюнча билимин өркүндөтүп, Мединадагы тарыхый жайларды зыярат кылуу менен биргеликте умра ибадатын өтөшмөкчү»,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом