Кыргызстанда үй-бүлөлүк талаштар боюнча сотко кайрылууну жөнөкөйлөтүүнү каалашатБишкекте онкологиялык оорусу бар балдардын ата-энелери үчүн 70 орундуу пансион курулуудаАла-Арчаны бойлой променад: Бишкекте аймак асфальттоого даярдалуудаКыргызстан жана АӨБ 2028-2032-жылдарга өнөктөштүк стратегиясын талкуулаштыДүйнөлүк банк жана АӨБ Кыргызстандын реформаларын колдоого даярКР саламаттык сактоо министри башка министрге операция жасап, инфаркттын алдын алды
Кыргызстандык имамдар Мединага араб тилин үйрөнүүгө жөнөтүлөт
18.07.2025 | 19:57
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы мусулмандардын ыйык шаары болгон Мединага 25 имамды тил үйрөнүү максатында жөнөтөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара «Таба» ишканасынын колдоосу менен ишке ашат.
«Имамдар кыска мөөнөттүү окуу курсунда араб тил боюнча билимин өркүндөтүп, Мединадагы тарыхый жайларды зыярат кылуу менен биргеликте умра ибадатын өтөшмөкчү»,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом