Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келдиНарын жаратылыш коругунан жапайы жаныбарлардын баалуу сүрөттөрү тартылып алынды (сүрөт)
Якутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болду
22.07.2025 | 18:40
Орусиянын Саха Республикасынын (Якутия) Нерюнгрин районунда болгон жол кырсыгы болуп, Кыргызстандын үч жараны каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 20-июлдан 21-июлуна караган түнү болгон. “Чыгыш Денисовская» шахтасынын кызматкерлерин ташыган автобус жарга кулап түшкөн. Кырсыктан 13 киши каза таап, анын ичинде 44 жаштагы М.У.М., 34 жаштагы К.у.К. жана 25 жаштагы Э. А. аттуу кыргызстандык жарандар бар болгон.
Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсеси каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүп, анын ичинде сөөктөрдү мекенине жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: жол кырсык, Якутия