Улуттук банк компаниялар жана жеке ишкерлер аркылуу накталай акча алууну көзөмөлдөөнү катаалдаштырууну сунуштадыКыргызстан менен Пакистан кызматташуу боюнча 15 документке кол коюштуМаматалиев: Беш жылда 700дөн ашык билим берүү объектиси курулуп, оңдолдуПакистан Кыргызстанга Карачи жана Гвадар портторуна транспорттук жол ачуу мүмкүнчүлүгүн сунуштадыКүрүчтөн кышка чейин: Өзгөндө бирдиктүү өндүрүштүк чынжыр түзүлүүдөКытай-Непал чек арасындагы селден каза болгондордун саны миңден ашты
Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталды
22.07.2025 | 18:53
Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги жарыялады.
Маалыматка ылайык, бул үчүн ишкер Соода-өнөр жай палатасына кайрылып, арыз тапшыруусу керек. Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 2025-жылдын 5-августунда аяктайт. Ишкерди аталган реестрге кошуу ишкердик субъекттерин тандоо боюнча туруктуу иштеген мекемелер аралык комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Реестрге киргизилген ишкерлер төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:
- Мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиаплан боюнча медиаберүү үчүн акысыз эфирдик убакыт;
- Салык кызматтарынан кезексиз тейлөө;
- Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге жана форумдарга акысыз катышуу;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн тышкары, башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан үч жылдык текшерүүдөн бошотуу (Реестрге киргизилген күндөн тартып);
- Мамлекеттик насыялоо программаларынын алкагында жеңилдетилген каржылоо мүмкүнчүлүгү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: ишенимдүү ишкер, реестр