Садыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз президентке баш ийдирдиКыргызстандын Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылдыПрезиденттин администрациясы УКМК жетекчилигиндеги кадрдык чечимдер боюнча түшүндүрмө бердиПарламент ЖК спикери Нурланбек Тургунбек уулу кызматынан кетет деген маалыматты төгүндөдүРустам Мамасадыков Коопсуздук кеңешинен кетти жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалдыЭкономика эмес, идеология. Жогорку Кеңештин төрагасы Түркияга эмне максат менен барды?
Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталды
22.07.2025 | 18:53
Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги жарыялады.
Маалыматка ылайык, бул үчүн ишкер Соода-өнөр жай палатасына кайрылып, арыз тапшыруусу керек. Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 2025-жылдын 5-августунда аяктайт. Ишкерди аталган реестрге кошуу ишкердик субъекттерин тандоо боюнча туруктуу иштеген мекемелер аралык комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Реестрге киргизилген ишкерлер төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:
- Мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиаплан боюнча медиаберүү үчүн акысыз эфирдик убакыт;
- Салык кызматтарынан кезексиз тейлөө;
- Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге жана форумдарга акысыз катышуу;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн тышкары, башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан үч жылдык текшерүүдөн бошотуу (Реестрге киргизилген күндөн тартып);
- Мамлекеттик насыялоо программаларынын алкагында жеңилдетилген каржылоо мүмкүнчүлүгү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: ишенимдүү ишкер, реестр