ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Бишкекте Азербайжандын демилгеси менен заманбап оорукана курулат
23.07.2025 | 12:48

Бишкек шаарында Азербайжан мамлекетинин демилгеси менен заманбап оорукана курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев борбор калаадагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңыланган имаратын кайра ишке берүү аземинде билдирди.
Анын айтымында, учурда бул долбоор боюнча даярдыктар жүрүп жатат.
“Азербайжан мамлекетинин демилгеси менен дагы бир чоң салым кошулганы турат. Алгач бул долбоор Ысык-Көлдө курулат деп пландалган, бирок Кыргызстандын президентинин Азербайжанга болгон акыркы расмий сапарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бул оорукана Бишкек шаарында курулмай болду. Азыркы тапта даярдыктар жүрүп жатат, толук жабдылган, заманбап оорукана болуп калары күтүлүүдө”,- деп билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Азербайжан, оорукана