Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Нарын жаратылыш коругунан жапайы жаныбарлардын баалуу сүрөттөрү тартылып алынды (сүрөт)
23.07.2025 | 13:58

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда эковолонтерлор менен бирге 10 күндүк илимий-изилдөө экспедициясы уюштурулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, экспедиция жапайы жаратылышты көзөмөлдөө, биологиялык ар түрдүүлүктүн абалын баалоо жана мурдагы жылы орнотулган фотокапкандар аркылуу маалымат чогултуу максатында өткөн.
Фотокапкандар аркылуу жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсү жана популяциясы тууралуу баалуу маалыматтар алынып, алар коруктун илимий архивине киргизилген.
Ошондой эле иш-чара учурунда жаныбарлардын жана канаттуулардын жүрүм-турумуна мониторинг жүргүзүлүп, жаратылыштын учурдагы экологиялык абалы боюнча бир катар илимий байкоолор жүргүзүлгөн.














Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы