Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Бишкекте “Бишкек туристтин көзү менен” аттуу туристтик флешмоб өттү
24.07.2025 | 11:27
Кечээ, 23-июлда Бишкек шаарындагы Курманжан Датканын эстелигинин жанында “Бишкек туристтин көзү менен” аттуу биринчи туристтик флешмоб өттү.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышып, тематикалык бурчтар менен таанышып, катышуучулар менен баарлашты.
Аянтта ар түрдүү активдүүлүктөр уюштурулуп, шаар тургундары жана коноктор өз ойлорун, эмоцияларын сүрөт, ыр, поэзия же тарых катары бөлүшө алышты. Ошондой эле музыкалык станция, фотозона, ачык микрофон жана каалоо-тилек бурчтары иштеди.
Флешмобдо белгилүү джаз музыканты Викрам Рузахунов өз чыгармаларын аткарып, шаардыктар менен музыкалык джем сессия өткөрдү. Воркаут командасы жандуу музыка коштоосунда күч көрсөткөн өнөрүн тартуулады.
Рубрики: Жаңылыктар