Орусиянын расмий каттоосундо турган кыргызстандык мигранттардын саны 377 миңге жеттиЫсык-Көлдө «Климат-Тоолор-Жаштар» лагери өтүүдөКыргызстан менен Кытай саламаттык сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүдөБишкекте пенсионерлер жана майыптыгы барлар үчүн алгачкы социалдык дүкөн ачылдыЖаңы окуу жылына 3,2 млн нуска окуу китеп даярдалдыКунарсыз жайыттарга калыбына келтирүү үчүн үрөн себилет
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт
24.07.2025 | 13:31
Маданият министринин маалыматына ылайык, 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземдери Бишкектеги жаңы эл аралык стадиондо уюштурулат.
Оюндун негизги бөлүгү Ысык-Көлдөгү ипподромдо жана Кырчын жайлоосунда өтөт. Мында улуттук спорт түрлөрү, этномаданий иш-чаралар жана эл аралык мелдештер пландалууда.
Минкаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, Көчмөндөр оюндары боюнча эл аралык катчылык түзүлүп, ал келечекте Олимпиада комитетине окшогон уюмга айланат.
Рубрики: Жаңылыктар