Бишкектин тургунунун 12 миллион сомун алдоо жолу менен алган шектүү кармалды

24.07.2025 | 16:10

Бишкек шаарынын тургуну өздөрүн УКМК, Улуттук банк жана Медакадемиянын өкүлүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдардын айынан электрондук эсебинен 12 миллион сомун жоготту. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Кылмышка шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү банктык эсептерди блоктоп, каражатты чыгарып, кылмыштын изин жашырууга катышкан деп айтылууда.

Учурда бул кылмышты уюштурган жана башка катышкан адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

Scroll to Top