Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен куттуктады

25.07.2025 | 08:57

Кечээ, 24-июлда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров өзбек лидерине туулган күнү менен куттук айтып, ага чың ден соолук, узун өмүр жана мамлекет башындагы ишине ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкө лидерлери кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, коңшулаштык жана өз ара колдоого негизделген стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Scroll to Top