Көпчүлүк сүйгөн кофе. Анын пайдасы, зыяны, тарыхы жана кызыктар

25.07.2025 | 16:48

Кофе – дүйнө жүзү боюнча суудан эле кийинки турган эң популярдуу суусундуктун бири. Аны ар бир күндүн башталышы, жолугушуулар жана эс алуу менен байланыштырабыз. Бирок кофе тууралуу эмнелерди билебиз? Кофенин ден-соолукка тийгизген пайдасы жана зыяны тууралуу кеп салабыз.

Ачык маалыматтарга ылайык, кофенин 80ге жакын түрү бар. Алардын ичинде бадал сымал өсүмдүктөр да, бийиктиги 10 метрге жеткен дарактар да кездешет. Эң кеңири тарагандары: Арабика, Робуста, Либерика жана Эксцельса.

Кофенин тарыхы

Кофенин тарыхы Эфиопиядагы Калдим аттуу койчуга байланыштуу уламыш менен башталат. Анын койлору дарактын мөмөсүн жеп алып, масайып болуп калган. Бул окуядан кийин кофе дарылык касиети менен таанылып, дүйнөгө тараган. «Кофе» деген ат Каффа аймагынан алынган деп айтылат.

Сиз билесизби? Кофе дүйнөдө нефтиден кийинки экинчи орунда турат. Дүйнөлүк рынокто жылына кофе сатуу 2 миллиард доллардан ашык каражаттын айланасында жүгүртүлөт.

Кофенин эң популярдуу 5 кофе түрү:

1. Эспрессо– күчтүү, таза кофе.

2. Маккиато: эспрессо + сүт көбүгү.

3. Американо: эспрессого суу кошулуп, даамы жумшарат.

4. Капучино: эспрессо + сүт + сүт көбүгү тең өлчөмдө.

5. Латте: 1ден 4 бөлүгү эспрессо, калган бөлүгү сүт жана көбүк.

Ал эми көпчүлүк сүйүп ичкен кофенин пайдасы тууралуу билесизби? Курамында кофеин бар бул суусундук  адамдын борбордук нерв системасына, зат алмашууга оң таасир этет. Бирок, эгерде күнүнө 1–2 чыны гана ичсеңиз:

• Стрессти жана чарчоону азайтат.

• Кан басымды көтөрөт.

• Баш оору, мигренди басат.

• Дем алуу жолдорун жакшыртат.

• Суукта организмди ысытып, энергия берет.

• Серотонин («бакыт гормону») бөлүнүп чыгып, маанай көтөрүлөт.

Ал эми кофенин пайдасы менен кошо зыян жактары да бар. Эгер ченеминен ашык ичсеңиз, кофе зыянын тийгизиши мүмкүн:

• Жүрөктүн кагышын тездетет, энтигүүгө алып келет.

• Уйкусуздук чакырат.

• Гастрит жана ашказан жарасын күчөтөт.

• Балдар үчүн таптакыр сунушталбайт.

• В1 витаминин бузат, тишти саргартат.

• Кофеинге көз карандылык жаралат.

Кофе кимдерге болбойт? Жүрөк, бөйрөк, ашказан, кан басымы жогору, глаукома жана кош бойлуулар үчүн зыяндуу болушу мүмкүн.

 Кофени туура кантип ичүү керек?

• Күнүнө 1–2 кружка ичүү зыян эмес.

• Уйку режимин бузбаш үчүн күндүн биринчи жарымында ичиңиз.

• Күчтүү болсо – сүт кошуп жумшартыңыз.

• Эгер дарылык эффект кааласаңыз – итмурундун маңызына демдеп көрүңүз.

Эсиңизде болсун, кофе пайдалуу да, кооптуу да суусундук. Аны өлчөм менен, туура убакта жана туура жол менен ичсеңиз, организмге пайдалуу таасир берет. Ал эми чектен ашса, тескерисинче, ден соолукка зыян келтириши мүмкүн.

Scroll to Top