Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Президент добуш берди: Ар бир добуш мамлекеттин тагдырын чечет
30.11.2025 | 13:55
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинен добуш берди. Ал ар бир добуш мамлекеттин келечегин чечерин белгилеп, жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Жапаровдун айтымында, бул жолу шайлоо автоматташтырылган, жана шайлоочулар алдын ала каттала турбастан, каалаган шайлоо тилкесинде добуш бере алышат.
«Өзүңүздөр билесиздер, буга чейин өлкөдө 3 жолу төңкөрүш болсо, үчөө тең шайлоолордун кесепетинен келип чыккан. Ошондуктан бул ирет автоматташтырып, адам факторун аралаштырбаганга толук аракетибизди жумшадык. Мындан ары дагы аракет кыла беребиз», – деди.