Ошто Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленүүдө

28.07.2025 | 08:22

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракеси министрлер кабинетинин токтомуна ылайык улуттук деңгээлде белгилене баштады.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, мааракелик иш-чаралар Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна жакын жайгашкан альпинисттик лагерде өткөн туристтик фестивалдын ачылышы менен башталды.

Салтанатка президенттин өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Алымбек датканын урпактары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, альпинисттер, туристтер жана жергиликтүү эл катышты.

Илияз Ташбаев куттуктоо сөзүндө мааракеге келгендерди Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаевдин жана өзүнүн атынан куттуктап, Алымбек датканын кыргыз элинин биримдигин бекемдөө жана мамлекеттүүлүктү түптөө жолундагы тарыхый салымына кеңири токтолду.

Алымбек датка — Кокон хандыгында жогорку “датка” наамына ээ болгон, кыргыздардын саясий биримдигин чыңдоого жана көз карандысыздыкты камсыз кылууга багытталган аракеттери менен эл эсинде калган көрүнүктүү ишмер.

Иш-чаранын алкагында улуттук боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлүк жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Ошондой эле Алымбек датканын эмгегин чагылдырган сахналык эпизоддор көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Мааракелик иш-чаралар жыл ичинде Алай районунда жана Ош шаарында улантылат.

Scroll to Top