«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Ала-Арча жаратылыш паркында туристтик объекттер курулууда
27.07.2025 | 07:15
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында туризмди өнүктүрүүгө багытталган ири инфраструктуралык курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат берди.
Анын айтымында, парктын жогорку зонасында туристтердин жана эс алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган бир катар жаңы объекттер тургузулууда.
Курулуп жаткан объекттер:
▪️ Үч кабаттуу мейманкана
▪️ Бассейн
▪️ 20 каркас (рамка) үй
▪️ Аспалы (аркан) унаа жолу
Туманбаевдин маалыматына ылайык, курулуштар бүткөндөн кийин зыяратчылар аркан жол аркылуу жаратылыштын түпкүрүнөн асманга чейин көтөрүлүп, Ала-Арчанын кооз пейзаждарын өз көзү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Туризм