МинКаб: Кыргызстан быйыл 1 трлн сомдук бюджет менен жыйынтыкталат«Түндүк» тиркемесинде кыймылсыз мүлк боюнча онлайн кызматтар жеткиликтүү болдуӨтмөк менен Төө-Ашууга кар түштү: айдоочуларга эскертүү берилдиКыргызстандын жалпы жарандык паспортун кантип алууга болот?Турусбеков көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылдыБишкекте кош бойлуу аял кайгуул кызматынын унаасында көз жарды
Сүлүктүдөгү мурдагы эт комбинаты 25 жылдан кийин мамлекетке кайтарылды
29.07.2025 | 09:37
Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы жалпы аянты 1,4 гектарды түзгөн мурдагы эт комбинаты мамлекеттин карамагына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган объект 2000-жылы мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткен.
“УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, учурдагы менчик ээси комбинатты өз каалоосу менен Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар