Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Кытайда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ЖМК өкүлдөрүнүн саммити өттү
29.07.2025 | 10:41

23–27-июль күндөрү Кытайдын Чжэнчжоу шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында ЖМКлар жана аналитикалык борборлордун саммити өттү. Бул тууралуу Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, саммит “Шанхай рухун” жайылтуу, биргелешип жаркын үй куруу” темасына арналган.
Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөрдөн, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардан келген алдыңкы 200гө жакын ЖМК, белгилүү аналитикалык борборлор жана өкмөттүк мекемелердин 400дөй өкүлү катышкан.
Саммитте «Шанхай рухун» маанилүүлүгү белгиленип, ШКУ алкагында өз ара байланыштарды жана кызматташууну өнүктүрүү үчүн ЖМКлар менен илимий чөйрөлөрдүн биригүүсү зарыл экени айтылган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар