Франция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышууларКылмыштуулукка каршы күрөш, айлык жана турак жай: минкаб башчысы КР ИИМинин иши тууралууУн, май жана эмерек: чакан жана орто бизнестин өнөр жайдагы үлүшү өстүЮристтин ордуна жасалма интеллект? КУУнун студенти «Мыйзамчы» укуктук жардамчысын кантип түздүКР Курулуш министрлиги көйгөйлүү курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүүнү пландап жататБишкекте үч фонтан ачылып, муниципалдык кызматкерлер сыйланды — сүрөт
Санкт-Петербургда мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды
29.07.2025 | 10:27
Санкт-Петербург шаарында чет элдик жарандарга такси айдоочусу болуп иштөөгө убактылуу тыюу салынды. Бул мыйзамга губернатор Александр Беглов кол койду.
Мындай чара жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын жакшыртуу жана жергиликтүү жарандар үчүн жумуш орундарын көбөйтүү максатында кабыл алынды.
2025-жылдын аягына чейин патент менен иштеген мигранттар таксиде же айдоочулук кызматтарда иштей албайт. Ал эми компаниялар үч ай ичинде мигрант айдоочулар менен келишимдерди токтотуп, алардын ордуна башка кызматкерлерди табууга тийиш.
Рубрики: Жаңылыктар