Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Кыргызстанда гепатит күчөп жатат, текшерилген ар бир экинчи киши илдетке чалдыкканы айтылды
29.07.2025 | 10:48
Өткөн жылы дарыгерлер 7894 үйдү кыдырып, эл арасында гепатит жана ВИЧ инфекциясын аныктоо максатында текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада тынчсыздандырган көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу Гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекцияны көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, чоң кишилерден 2072 адамда В гепатити, 394 адамда С гепатити чыккан. Балдар арасынан 19у В гепатити, 8и С гепатити менен ооруп жатканы белгилүү болгон. Мындан тышкары, 5 адамдан ВИЧ-инфекция табылган.
Дарыгерлер жарандарды эмдөөдөн сөзсүз түрдө өтүүгө чакырууда. Гепатитке каршы вакцина үч жолу сайылат жана бардык бейтапканаларда акысыз жеткиликтүү.
Рубрики: Жаңылыктар