Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кытайда селден 30 адам каза болуп, 80 миңден ашык киши эвакуацияланды
29.07.2025 | 11:15
Пекин шаарында нөшөрлөгөн жаандан кийин жүргөн сел 30 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, 24-июлдан бери жааган катуу жамгыр Чаобай дарыясынын деңгээлин көтөрүп, Миюнь суу сактагычы соңку 60 жылдагы эң жогорку көлөмгө жетти. Натыйжада Миюнь, Хуайжоу жана Фаншань райондорунан 80 332 киши коопсуз аймактарга эвакуацияланды.
Кытай өкмөтү кырдаалды калыбына келтирүү үчүн 200 миллион юань (27,8 миллион доллар) бөлгөн.
Белгилей кетсек, 2023-жылы да Пекинде нөшөрлүү жаандан улам 11 киши каза болуп, 44 миңден ашуун адам жабыркаган болчу.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар