Салык кызматында «Temu» соода платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

29.07.2025 | 17:48

Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Мирлан Рахманов жана Кубанычбек Ысабеков Temu электрондук соода платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Ага Башкы прокуратуранын жана “Кыргыз почтасы” ишканасынын өкүлдөрү да катышты. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда платформанын Кыргызстанда каттоодон өтүүсү жана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштөөсү боюнча маселелер каралган.

Тараптар электрондук коммерцияны укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча пикир алмашып, онлайн чөйрөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана салыктык милдеттемелерди аткаруу механизмдерин талкуулашкан.

Temu платформасынын өкүлдөрү жергиликтүү мыйзамдардын талаптарын аткарууга кызыктар экендигин билдиришип, Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн каттоого даяр экендигин тастыкташкан. 

Жыйынтыгында катышуучулар эл аралык электрондук сооданын өнүгүшү, ишкердик демилгелер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында конструктивдүү кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп,  ачыктык жана диалогго даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Scroll to Top