Бишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздүБишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланып, биогумус алуу пландалуудаКыргыз режиссеру Артыкпай Сүйүндүков АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына татыдыТатьяна Кимдин Wildberries’тен кетиши: компаниядан эмне деп билдириштиБугу Эне тууралуу уламыш «Аалам сулуусу» сынагынын сахнасында жандандыБишкекте олимпиадалык стандарттагы бассейни бар спорт комплекси курулууда — сүрөт
Токтогулда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду
18.03.2026 | 16:22

Жалал-Абаддын Токтогул районунда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Айыл чарба министрлигинин маалыматында, долбоор суу ресурстарын үнөмдөө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү максатын көздөйт.
Эми аталган аянтка 15 гектар алма жана 15 гектар Кокон гиласынын көчөттөрүн отургузуу менен интенсивдүү бакча түзүү иштери башталат. Көчөттөр бир сорттон тандалып, агротехникалык талаптардын негизинде өстүрүлөт.
Бул демилге көрсөтмөлүү жана эксперименталдык мүнөзгө ээ. Объект Бишкек–Ош унаа жолунун боюнда жайгашкандыктан, технологияларды жайылтуу үчүн пайдаланылат.
Долбоор райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каржыланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом