Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Чолпон-Ата шаарында жолугушту
29.07.2025 | 19:02

Бүгүн, 29-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик достук, ынак коңшулаштык жана кызматташтык мамилелеринин абалын жана келечегин ар тараптуу карап чыгышты.
Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтыкты жана өз ара байланыштардын башка аспектилерин мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоо процессин алдыга жылдыруу маселелерине басым жасашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат