Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстандык окуучулар эл аралык биология олимпиадасында эки коло жеңишти
30.07.2025 | 17:17

Филиппиндин Кесон шаарында өткөн XXXVI эл аралык биология олимпиадасында (IBO) Кыргызстандын улуттук командасы 2 коло медаль жеңип алды. Бул Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул олимпиадага катыша турган командага Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасынан жогору балл алган 4 окуучу тандалып алынган. Алар:
- Дмитрий Рубан, “Сейтек STEM” мектебинин 10-классынын окуучусу;
- Нурсултан Увалиев, К. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу;
- Айбике Базарбаева, United World International School мектебинин 12-классынын окуучусу;
- Өмүрбек Русланбеков, Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу.
Жыйынтыгында Дмитрий Рубан менен Айбике Базарбаева коло медалга татыктуу болушту.
“Айбике Базарбаева биология боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утуп алган алгачкы кыргызстандык кыз болуп калды”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: олимпиада