Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Ысык-Көлдө катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү
31.07.2025 | 11:25
Ысык-Көл облусунда катуу жааган жамгырдан кийин айрым аймактарда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, селдин кесепетинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу Кажы-Сай аймагында убактылуу жабылды.
Суу жолдогу бетон шакекчелерди жууп кеткен жана жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптаган.
Көлдүн түндүк жээк тарабындагы Тамчы айылында сел ички жолдордогу эки көпүрөнү алып кеткен. Ошондой эле эки турак үйдүн короосун суу каптады.
Кош-Көл айылында да суу ташкыны чоң зыян келтирди: көл жээгине тигилген 30 боз үй, 5 конок үй жана бир нече соода күркөлөрүн сел каптады.
Учурда жабыркаган аймактарда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар