ИБР Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого $44,6 млн бөлөтБишкектеги Тез жардам борборунун директору КМШ өлкөлөрүнүн сынагында жеңүүчү болду«Эл алдында тизе бүгүүгө даярмын»: Рамиз Алиев депутат Сурабалдиевага жооп бердиПрокурордун формасын кийип, акча алган: Бишкекте аял алдамчылыкка шектелүүдөКыргызстанда түн ичинде үч жер титирөө катталды, эң күчтүүсүнүн магнитудасы 5,6 болдуКыргызстанда жүзүн жашыргандар үчүн айып пулду эки эсе азайтуу сунушталууда
Бишкек — Балыкчы багытындагы поезддерге видеокамералар орнотулуп, “Коопсуз шаарга” кошулду
31.07.2025 | 11:28
Бишкек — Балыкчы багытында каттаган жүргүнчү поезддерине видеокамералар орнотулуп, алар “Коопсуз шаар” системасына интеграцияланды. Бул чара өспүрүмдөр поезддин терезелерин талкалаган учурлардан кийин кабыл алынды.
Эми поезд ичиндеги тартип бузуулар жана материалдык зыян келтирүү аракеттери видеобайкоо аркылуу көзөмөлгө алынат. Эреже бузгандарды аныктап, тиешелүү чара көрүү мурдагыга караганда кыйла жеңилдейт.
Тиешелүү мекемелердин айтымында, бул демилге жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого жана коомдук тартипти сактоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар