Кыргызстан менен Өзбекстан тышкы иштер министрлери кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты

31.07.2025 | 11:38

2025-жылдын 30-июлунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөгө расмий иш сапары менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолукту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын бардык тармактарын, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, мамлекет башчылары жана өкмөт жетекчилери деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун так кадамдарын белгилешти.

Министрлер саясий диалогдун жогорку деңгээлин жана жогорку деңгээлдеги байланыштардын динамикасын канааттануу менен белгилешти. Кыргызстан менен Өзбекстан мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга даяр экенин тастыктады.

Тараптар ошондой эле БУУ, КМШ, ШКУ, ОТГ, ОИК сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардагы кызматташууну талкуулашты. Бул багыттагы өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн маанилүү бөлүгү бойдон калууда.

Жыйынтыгында, 2025–2026-жылдарга карата тышкы иштер министрликтери ортосундагы кызматташуу программасы жана президент Ш.М. Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына даярдык боюнча биргелешкен аракеттердин «Жол картасы» ишке ашырылары белгиленди.

Жолугушуу ар дайымкыдай эле жылуу, достук маанайда өтүп, тараптар алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графигин макулдашты.

Рубрики: Саясат
Scroll to Top