Санкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбиялануудаАялын атып өлтүрүүгө шектелип жаткан мурдагы милиция кызматкерине карата иликтөөнү эми УКМК жүргүзөт
Социалдык жөлөкпул алуучулардын саны көбөйдү – Эмгек министрлиги
01.08.2025 | 09:55
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата ай сайын социалдык жөлөкпул алып жаткан жарандардын саны 112,1 миң адамга жетти. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1 357 адамга көп.
Министрликтин маалыматы боюнча, жөлөкпулдарды төлөөгө жалпы 4 миллиард 422,2 миллион сом бөлүнгөн.
Жөлөкпул алуучулардын ичинен:
- Бала кезинен майыптыгы бар адамдардын саны 1 255 адамга көбөйүп, жалпы 40 948ге жетти;
- Багуучусун жоготкон балдардын саны 434кө өсүп, 21 243 балага жетти.
Рубрики: Жаңылыктар