Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Социалдык жөлөкпул алуучулардын саны көбөйдү – Эмгек министрлиги
01.08.2025 | 09:55
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата ай сайын социалдык жөлөкпул алып жаткан жарандардын саны 112,1 миң адамга жетти. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1 357 адамга көп.
Министрликтин маалыматы боюнча, жөлөкпулдарды төлөөгө жалпы 4 миллиард 422,2 миллион сом бөлүнгөн.
Жөлөкпул алуучулардын ичинен:
- Бала кезинен майыптыгы бар адамдардын саны 1 255 адамга көбөйүп, жалпы 40 948ге жетти;
- Багуучусун жоготкон балдардын саны 434кө өсүп, 21 243 балага жетти.
Рубрики: Жаңылыктар