Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөт
01.08.2025 | 17:59

9-10-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.
Иш-чара Кыргызстандын символу болгон ак илбирсти жана жаратылышты коргоо, ошондой эле өлкөнүн маданий мурасын сактоого арналат.
Фестивалда конокторго кызыктуу программалар сунушталат:
- Эко жарыштар жана спорттук мелдештер;
- Манасчылар жана акындардын катышуусунда этнопрограммалар;
- Арт-инсталляциялар жана мастер-класстар, ошондой балдарга арналган көңүл ачуучу зоналар уюштурулат;
- Жаратылышты коргоо боюнча окумуштуулар жана адистер менен жолугушуулар өтөт;
- Улуттук боз үйдөгү жашоо көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштардын этногастрономиялык зоналары уюштурулат.
Фестивалга катышуу акысыз.
Рубрики: Коом