Чүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларынын комплекси курулатКыргызстандын Министрлер Кабинети Евробиримдик менен соттошуу ниети тууралуу маалыматты төгүндөдү3-мартка карата аба ырайыКыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алууКыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даярЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж берди
Жарым жылда айыл чарбасынан 563 млн сомдон ашык салык түштү
04.08.2025 | 09:40

Ушул жылдын январь-июнь айларында айыл чарба тармагынан мамлекеттик бюджетке 563,4 млн сом салык түштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 76 млн сомго көп.
Салык кызмаы акыркы беш жылда өлкөдо айыл чарбадан түшкөн салык 4 эсеге өскөнүн билдирди:
- 2020-жылы — 261,07 млн сом;
- 2021-жылы — 325,7 млн сом;
- 2022-жылы — 507,7 млн сом;
- 2023-жылы — 818,8 млн сом;
- 2024-жылы — 1 млрд 40 млн сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Айыл чарба, салык